Menu

Бишкекте уруштан улам жаранды жездеси бычак менен көзүнүн оң жагына шилтеп жиберген. Шектүү кармалган

Бөлүшүү:

Бишкекте ээнбаштык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-декабрда болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек ШИИББнын”102″ кызматына Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде бычактан жаракат алды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2001 жылы туулган К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле күнү болжол менен саат 22:30 чамасында уруштан улам арыз ээсинин жездеси бычак менен арыз ээсинин көзүнүн оң жагына шилтеп жиберген.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган И.Б. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: