Menu

Бишкекте курал менен коркутууга шектелген жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бишкекте курал менен коркутууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-декабрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 12:00 чамасында Ч. Айтматов көчөсүндө жолдун ортосунда эки жаран урушуп жаткандыгын көрүшкөн.

Ошол дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, окуянын чоо-жайын тактаганда, эки айдоочу жол талашып урушуп, бири белгисиз үлгүдөгү тапанча менен экинчисин коркутуп жаткандыгы белгилүү болгон.

Кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, эки тараптын урушун токтотуу менен бирге белгисиз курал алып жүргөн 1996-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: