Москванын борборунда кыргызстандык жаран чатырды кардан тазалап жаткан жеринен кулап кетип, каза болду. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.
Маалым болгондой, кырсык кечээ, 28-декабрда саат 20:30 чамасында болгон. 31 жаштагы Кыргызстандын жараны үйдүн чатырындагы карды тазалап жатып, кулап кеткен.
Кыргыз жараны алган жаракатынан улам жеринен көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ