Menu

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын төрагасы Акылбек Мусаходжаевдин иш бөлмөсүндө тинтүү иштери жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-декабрда Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын төрагасы Акылбек Мусаходжаевдин иш бөлмөсүндө тинтүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге укук коргоо органдарындагы өздүк булактар ​​тастыкташты.

Маалым болгондой, козголгон кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган кызматтын жетекчисинин иш бөлмөсүндө айрым документтерди алып жатышат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек. Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Акылбек Мусаходжаевдин кабылдамасы жетекчиликтин тыюу салганына шилтеме жасап, кырдаал боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: