Menu

Коронавируска байланыштуу көптөгөн өлкөлөр жаңы жылдык салтанаттардан баш тартууга аргасыз болду

Бөлүшүү:

Бразилия бийлиги Жаңы жылдын алдында Рио-де-Жанейродогу шаардык жээкти жабуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул майрамга карата массалык иш-чаралардын өтүшүн кыскартып, коронавирустун жайылышын ооздууктоо аракети болуп эсептелет.

Буга чейин Риодо Жаңы жыл белгиленип жүргөн Копакабана жээги жабылган. Ал жерге адатта миллиондогон туристтер барышчу. Бул жылы фейерверк да атылбайт.

Бразилия — коронавирус пандемиясынын очокторунун бири болуп саналат. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, өлкөдө 7,5 миллион киши вирус жуктуруп алып, 191 миң киши көз жумду.

Пандемияга байланыштуу жаңы жылдык салтанаттарга башка өлкөлөрдө да чектөө киргизилди. Австралиянын Сидней шаарында фейерверкти үйдөн көрүү жөнүндө сунуш берилди.

Нью-Йоркто оюн-зоокторду онлайн өткөрүүгө даярданышууда.

Расмий бийлик өкүлдөрү Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы штаммынын жайылышына тынчсызданууда. Өткөн аптада бул дүрбөлөң жаратып, Европада чек аралар жабылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: