Menu

Видео – ИИМ: Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташып иштеген таксистке кол салган жаранды кармашты

Бөлүшүү:

Криминалдык милиция кызматынын  кызматкерлери  жүргүнчүлөрдү ташып иштеген таксистке кол салган жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер органдарына Кара-Суу районунун 24 жаштагы жашоочусу кайрылып, каракчылык менен кол салгандар жөнүндө билдирген.

Анда ушул жылдын 13-декабрь күнү болжол менен Ош шаарынан белгисиз адам таксиге отуруп, айдоочудан Жалал-Абадга чейин жеткирип коюну суранган. Жалал-Абад облусунун Сузак району аркылуу бара жатып Бишкек –Ош унаа жолунун болжол менен 615 километр аралыгында белгисиз адам айдоочуга кол салган. Куралга окшош предмет менен коркутуп, талаа тарапка айдоону талап кылган. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы адамдар жок жерден кол салган адам айдоочуну байлап койгон, бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сузак РИИБи сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Сузак РИИБдин КМКнын кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачуунун үстүндө иштешкен.

Жакында милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн такташып, ал Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочусу 33 жаштагы Э.М. аттуу жаран болуп чыккан. Кармоо учурунда кылмышкер жабырлануучуга таандык “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунааны 50 000 сомго башкаларга сатып жибергендиги маалым болгон. Автоунаа табылып алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: