Жыл башынан бери республикада үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен улам 341 бала ооруканада дарыланган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттөгү жыйында билдирди. Мындан тышкары, 105 балага амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Анын 32си кыздар, 73ү эркек балдар.
Үсөнбаевдин айтымында, шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына (№3 балдар ооруканасы) жыл башынан бери зордук-зомбулуктан жабыркаган 81 бала кайрылган, анын ичинен 9у сексуалдык зомбулук.
Министрдин орун басарынын айтымында, 35 бала стационардык дарыланууда, 46 бала амбулатордук жардам алган.
Бардык иштер боюнча укук коргоо органдарына маалымат берилди, деп кошумчалады Үсөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ