Белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Facebook социалдык тармагындагы баракчасына аялдын эки түрү: бири эркекти сындыра турчу , экинчиси канат байлап өстүрө турчу боло турганын билдирди.
“Аял заты, кыз киши – эргүү, ильхом! Кыз канчалык сулуу, билимдүү, бийик, аруу, жыттуу болсо, ошончолук мырзаларды бийиктикке чыгарат. Аларга ийгиликке шыкак берет. Аял заты сүйдүрүп алуу менен сүйгөн адамын кандай эрдиктерге сүйрөөрүн өзү деле аңдабайт. Бир адам айтты эле. Аялдын эки түрү болот: Бири эркекти сындыра турчу , экинчиси да, эркекке канат байлап өстүрө турчу аял. Эркегин асманды айланып, бийик тоодо шаңшып уча тургандай кылган аял – даанышман, көрөгөч, акылдуу аял. Мырзасын сыйлаганды, мактаганды, бийик учурганды билет. Күчтүү аялдар эркектерди алсыз кылып, тебелеп алат деп кооптонушат. Менимче жаңылышат. Кандай гана күчтүү аял болбосун мырзасына башын жөлөп, эркелеп, анын алдында алсыз болгонду каалайт. Ооба, ал аял өз алдынча жашап, өз жанын багып, билимге сугарылып, эч кимден көз карандысыз да жашап кеткен аял. Дал ошондой аялдар алсыз болуу, наздануу, бирөөнүн кучагына өзүн таштаганды мыкты билет. Анткени күчтүүлүк, өз алдынчалык ошол нерсенин баркын сездирет. Ал эми алсыз, акылсыз аял гана эркегин тебелөө менен бийиктегиси келет”, – деп өз ою менен бөлүштү Назира Айтбекова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ