Россияда Гиннесстин рекорддор китебине кирген 21 жаштагы Жамбулат Хатохов каза болду. Ал дүйнөдөгү эң семиз бала катары белгилүү. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Бул жаңылыкты Россиянын күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасынын машыктыруучусу Бетал Губжев Инстаграм баракчасына жарыялады.
“Гиннесстин рекорддор китебинин рекордсмени, Кабардино-Балкар Республикасынын биринчи сумоисти Жамбулат Хатохов дүйнөдөн кайтты” – деп жазган ал.
Бир жашында Хатохов 17 килограмм, ал эми биринчи класста 115 килограмм болгон.
17 жашында Хатоховдун салмагы 230 килограммды түзгөн. Маркумдун өзүнө бул салмак жаккан жок, ошондуктан ал спорт менен машыгууну чечип, бир жылдын ичинде 50 килограммдан ашык салмак таштаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ