Menu

Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү кирешелери азайганын билдиришти

Бөлүшүү:

Кыргызстанда пандемия шартында үй-бүлөлөрдүн 54% кирешеси азайганын билдиришти. Бул тууралуу COVID-19дун калкка тийгизген таасирин аныктоо боюнча Улуттук статистика комитети жүргүзгөн тандалма сурамжылоонун жыйынтыгында айтылат.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-октябрдан 15-ноябрга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоого дээрлик 5 миң үй-бүлө катышкан. Анын жыйынтыгына ылайык, үй-бүлөлөрдө эмгек ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер 37%, жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн азыктарды сатуудан түшкөн киреше 16% жана чет өлкөлөрдөн которулган каражат 16% азайган.

Мындан тышкары сурамжылоого катышкандардын 20% пандемиядан улам үй-бүлөнүн жок дегенде бир мүчөсү жумушун жоготконун билдиришкен. Дагы 5% чет өлкөдө жумушсуз калган жакыны кайтып келүүгө аргасыз болгонун айтышкан.

2020-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өнүмү 8,1% төмөндөдү. Биринчи жарым жылдыкта калктын реалдуу кирешеси 7,7% азайган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: