Menu

Хорватияда экинчи күн катары менен жер титиреди

Бөлүшүү:

Петриня шаары жер титирүүдөн кийин

Хорватияда экинчи күн катары менен катуу жер силкинип, бир катар калктуу конуштарда, анын ичинде өлкөнүн баш калаасы Загреб шаарында имараттар зыянга учурады.

Европадагы жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору 6,3 баллдык жер титирөө Загребден түштүк-чыгышты көздөй 46 чакырым алыстыкта катталганын билдирди. Ошол эле маалда Немис изилдөө борбору 6,4 баллдык жер силкинүү 10 чакырымдык тереңдикте болгонун билдирди.

N1 телеканалы Загребдин акимчилигинин өкүлүнө шилтеме кылып, кырсыктан 12 жаштагы кыз көз жумганын кабарлады. Петриня жана ага коңшулаш жайгашкан Сисак шаарларында жабыркагандар көп экенин жергиликтүү тез жардам кызматынын башчысы Томислав Фабиянич билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар түрдүү жаракаттарды алып, айрымдарына операция да жасалды.

Словениянын STA маалымат агенттиги бийлик алдын-алуу чарасы катары өлкөдөгү жалгыз атомдук электр станциянын ишин убактылуу токотуу чечимин кабыл алганын жазды. Станция силкинүүнүн очогунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, зилзаладан улам үйлөрдүн чатырлары, дубалдары зыянга учураса, айрым турак жайлар толугу менен урап калган. Жергиликтүү басылмалар жер титирөө бардык балкан өлкөлөрүндө, коңшу Сербияда, Словенияда, Босния жана Герцеговинада да сезилгенин жазышты.

Маалыматтарга караганда, Загребдин бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүп, үйлөрүнөн качып чыккан тургундардын көбү көчөлөрдө калууда.

RFE/RL радиосунун балкан кызматы белгилегендей, Хорватияда бир күн мурда да катуу жер силкинген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: