Menu

Талас райондук соту аялын суицидге жеткирген деп айыпталган 33 жаштагы жаранды абактан бошотту

Бөлүшүү:

Талас райондук соту аялын суицидге жеткирген деп айыпталган 33 жаштагы жаранды бир жылдык пробациялык көзөмөлгө кести. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, аял алгач көптөгөн таблеткаларды ичип, бир күндөн кийин сарайда асынып алган.

Соттун өкүмүндө айтылгандай, 33 жаштагы жаран аялын башка бирөөдөн кызганган. Жубайлардын ортосунда уруш чыгып, андан кийин аял өз жанын кыюуну чечкен.

«Сотто айыпталуучу маркумдун телефонунан алардын орток досунун сүрөтүн көргөнүн айткан. Сүрөтүн кайдан алгандыгын сураганда, аял аны соцтармактагы группага келген деп жооп берген. Айыпталуучу телефонду кайтарып берүүнү каалаган, бирок андан кийин алардын биргелешкен сүрөтүн көргөн. Түгөйлөрдүн ортосунда уруш чыгып, туугандары аялды алып кетүүнү каалаганда, маркум күйөөсү менен жашай берем деп макул болгон эмес. Ошондон кийин, алар чогуу жашоого макул болушкан. Эртеси күнү айыпталуучу иштери менен кетип калган. Кайра кайтып келгенде жубайы өз жанын өзү кыйган экен», – деп айтылат өкүмдө.

Сотто жабырлануучунун өкүлү туугандары айыпталуучуну кечирип, ага карата дооматтарын артка кайтарып жаткандыгын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

37 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: