Menu

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туугандарынын камкордугуна алынган 7 жашар Алина жана Тимур тарбияланып жаткан үй-бүлөнүн абалынан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчынын м.а. балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды.

Бир туугандар туулгандан кийин эле энесиз калып, жарым жыл өткөн соң жол кырсыгынан атасы каза болгон. Учурда балдарды таенеси Кымбат Сарбашева тарбиялоодо.

Премьер-министрдин м.а. үй-бүлөгө чың ден-соолук, бакубаттуулукту каалады.

«Тимур жана Алина кичинесинен ата-энесиз калганы өкүнүчтүү. Ошол эле учурда сиздин күч-аракетиңизге жараша балдар теңтуштары менен катар билим алып, тарбияланууда. Сизге мээрим төгүп, татыктуу тарбия берип жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Белгилей кетсем, мамлекет тарабынан ата-эненин камкордугусуз калган балдарга, ошондой эле алардын ордун баскан жактарга карай тийиштүү көңүл буруу аракети көрүлүүдө».

Өз кезегинде балдарга камкордук көрүп жаткан Кымбат Сарбашева Өкмөт башчыга ыраазычылыгын билдирди.

«Бизди жаңы жыл майрамынын алдында келип куттуктап жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көйгөйлөрүбүз көп болгону менен кол сунган адамдар да бар, алар бизге жардам колун сунуп келет. Албетте, биз өзүбүз да кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө аракетибизди көрүп жатабыз. Быйыл балдар мектепке барды, алардын келечеги жарык болушун тилеп отурам. Ал эми өзүм алар ар тараптан калыптанган, өлкөнүн татыктуу жарандары болуп өсүшүнө колумдан келген аракетимди жумшай берем», – деди балдардын таенеси.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: