Menu

Президенттикке талапкер Рашид Тагаев шайлоого катышуудан баш тартты

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Рашид Тагаев шайлоодо ат салышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Рашид Тагаев Facebook социалдык тармагында жарыялаган кайрылуусунда айтылат.

“Менин жеке ишенимиме байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигимден кетүүгө аргасызмын, бул шайлоо кампаниясын улантууга мүмкүнчүлүк бербейт” – деп айтылат кайрылууда.

“Башында эле менин президенттикке талапкерлигимди көрсөтүү ниетимди колдогондой эле, менин дагы ушул чечимимди колдойсуздар деп ишенем. Мен өз позицияларымда бекем ишенген адам бойдон калам, мындан ары дагы өлкөбүздөгү тартип жана туруктуулук үчүн, мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн иштей берем. Бирок бүгүн мен ушундай чечим кабыл алганымды туура деп эсептейм жана сиздердин түшүнүүңүздөргө жана колдооңуздарга ишенем”, – деп жазган ал.

Ошентип, учурда мамлекеттик жогорку кызмат үчүн жарышта 17 талапкер калды.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоочу референдум 2021-жылдын 10-январында өткөрүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: