Menu

Журналист Болот Темировго кол салуу боюнча сот өкүм чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Болот Темировго кол салуу боюнча сот өкүмүн чыгарды.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 9-январында саат 12:30 чамасында “Factcheck.kgнин” башкы редактору Болот Темиров сабалган. Ага редакциясынын жанында белгисиз төрт адам кол салган. Алар телефонду тартып алышкан, бирок Темиров дароо эле алардын тоноо максаты жок экендигин билдирген. Темиров кол салууну журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Сот төрт кол салуучуну тең мамлекеттин пайдасына ар бири 50 миң айып пул жана эки жарым жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бирок, мунапыс колдонулуп, сот соттолгондорду бошотту.

Белгилей кетсек, сот мунапысты Темировдун каршы арызынын негизинде колдонгон.

“Тилекке каршы, тергөө учурунда буйрутма берген адамдын аты-жөнү аныкталган жок. Кол салгандар 11 ай СИЗОдо отурушкан, ошондуктан алар буга чейин жетиштүү жазасын алышкан”, – деп белгилеген журналист Темиров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: