Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы Абдилат Капаров президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана генпрокурор Курманкул Зулушевдин атына арыз жазды.
Абдилат Капаров Сооронбай жээнбеков менен Асылбек Жээнбековду шалаакылык жана каражатты максатсыз пайдаланган деп айыптады.
Анын пикири боюнча, экс-президент 2020-жылы жайында адамдардын өлүмүнө алып келген коронавирус инфекциясынын массалык түрдө жайылуусу үчүн да жооптуу.
«Жогоруда айтылгандардын негизинде, сиздерден бир тууган Жээнбековдордун иш-аракеттерин тыкыр иликтөөнү, өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салуу чараларын көрүүнү, конфискациялоо максатында мүлктү камакка алууну суранам. Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча мен С.Жээнбековду “экс-президент” наамынан жана мамлекет башчысынын персоналдык пенсиясынан ажыратууну суранам ”, – деп айтылат Капаровдун билдирүүсүндө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ