Адам өзүнүн иш-аракеттери үчүн жооп бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаев маалымат жыйынында мэриянын мурунку жана азыркы кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирди.
“Мирлан Амантуровдун кармалганын көрдүңүздөр. Ушул нерсени карап отуруу мага аябай оор болду. Аны менен чогуу иштедик, жердешпиз, Тоң районунанбыз. Кудай анын “таза” чыгышына насип кылсын”, – деди ал.
Мурунку вице-мэр Мирлан Амантуров УКМКнын кызматкерлери тарабынан ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алган жана ээлеп алган деген шек менен кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ