Menu

Хорватиядагы жер титирөөдөн бери дегенде алты киши өлдү

Бөлүшүү:

Хорватияда эки күн катары менен жер силкинүүдө. Кеминде алты киши өлдү, 20дан ашууну жаракат алды. Өлкө аймактарында, борбор калаа Загребде да имараттар кыйрады.

Жергиликтүү телеканалдарда урандылардын астында калган кишилерди алып чыгып жаткан учур тартылган кадрлар көрсөтүлдү.

Европадагы жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору 6,3 баллдык жер титирөө Загребден түштүк-чыгышты көздөй 46 чакырым алыстыкта катталганын билдирди. Ошол эле маалда Немис изилдөө борбору 6,4 баллдык жер силкинүү 10 чакырымдык тереңдикте болгонун кабарлады.

Силкинүү Хорватиянын бардык аймактарында, ошону менен бирге коңшулаш Сербия, Босния жана Словенияда да байкалды.

Өлкөнүн премьер-министринин орун басары Томо Медвед Петринья шаарында 12 жаштагы кыз жана шаарга жакын жайгашкан кыштактарда дагы беш киши өлгөнүн маалымдады. Жаракат алган кишилердин арасында алтоонун абалы оор.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: