Menu

Түркмөнстанда калк сасык тумоого каршы жапырт эмдөөдөн өтүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелер кызматкерлерин сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүнү талап кылышууда. Баш тарткандар жумуштан бошотулары эскертилди. Медицина кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, сасык тумоого каршы эмдөө алууга үгүттөп жүрүшөт.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы билдиргендей, сасык тумоого каршы эмдөө бекер.

Түркмөнстанда октябрда да эл сасык тумоого каршы жапырт эмдөөдөн өткөн. Андан баш тарткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилген.

Бул арада өлкөдө коронавирустун белгилери бар оору жайылып, өлүм көп катталып жатканы айтылууда.

Түркмөнстан бийлиги болсо өлкөдө коронавирус бар экенин мойнуна ала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: