Menu

Генпрокуратура: Мамлекетке $1,7 миллион зыян келтирген коррупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Кыргызстандын транспорт прокуратурасы менен биргеликте чет өлкөлүк компанияга “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык авиакаттамдарда жүк ташуу үчүн жеңилдиктерди берүүнүн туруктуу схемасын аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Башкы прокуратуранын  басма сөз кызматы билдирди.

“Манас Менеджмент Компани” ЖАКы менен чет өлкөлүк “Г.E.” компаниясынын ортосунда “Эл аралык каттамдарда жүк ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” келишимге кол коюлганы аныкталды. “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык каттамдар боюнча учкан учактардын жүктөрүн тейлөө үчүн 1 тоннага 60 доллар өлчөмүндө мыйзамсыз жеңилдетилген тариф каралган. Ал эми ушул сыяктуу кызматтарды көрсөткөн башка компанияларга тарифтин баасы 1 тоннага 95 евро болгон.

Чет элдик компанияга мыйзамсыз жеңилдиктерди берүүнүн натыйжасында, “Манас” эл аралык аэропорту 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын ноябрына чейинки мезгилде  1 миллион 789 миң 726,68 доллар же 139 миллион 598 миң 681 сом киреше түшпөй калган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын жана анын туунду “Манас Менеджмент Компани” компаниясынын жооптуу адамдарынын аракеттеринде КР Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин “Коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш белгилери бар экендигин эске алуу менен бул факт КЖБРге катталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: