Menu

Өкмөт Аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев балдарга Өкмөттүн атынан жаңы жылдык белектерди тартуулады

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министр Бактыбек Аманбаев балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга КРнын Өкмөтүнүн атынан  планшеттер түрүндө белектерди тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үйүнө министрлер кабинетинин дарегине мурда кат жазган балдар чакырылган.

«Кымбаттуу балдар! Силерди келе жаткан Жаңы 2021-жылыңар менен куттуктайм! Жаңы жылыбыз өлкөбүздүн ырааттуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү жагымдуу өзгөрүүлөргө бай болсун. Силердин окууңарга ийгиликтерди каалайм, дениңер сак болушун, алдыга койгон максаттарыңар ишке ашуусуна тилектешмин. Силер – биздин келечегибизсиңер. Алдыңкы билим-илим алууга умтулуп, замандын талабына төп келген жаштардан болуп өскүлө», – деди Бактыбек Аманбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: