Menu

Кытайлык Sinopharm компаниясынын вакцинасы 80% натыйжалуулугун көрсөттү

Бөлүшүү:

Кытайлык Sinopharm компаниясы иштеп чыккан COVID-19 вакцинасы сыноо учурунда 79,34 пайыз натыйжалуулугун көрсөттү. Бул тууралуу кытай басылмалары Пекин биологиялык продуктулар институтуна шилтеме жасоо менен билдиришти.

Маалыматка караганда, эки доза менен берилген вакцинанын бир курсу сыноого катышкандар үчүн коопсуз болгон. Ошол эле маалда компания препаратты сыноо жөнүндө жетиштүү маалымат берген эмес: маселен, сыноого канча киши катышканы, кандай жыйынтык болгону тууралуу кабар жок.

Вакцинанын клиникалык сыноосу көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Бириккен Араб Эмираты, Бахрейн, Иордания, Перу жана Аргентина өтүүдө.

Буга чейин басылмалар Бириккен Араб Эмираты Sinopharm вакцинасын колдонууга расмий түрдө уруксат берген алгачкы өлкө болгонун жазышкан. 9-декабрда эмираттын саламаттык сактоо органдары сыноо учурунда вакцина кишини коронавирустан 86 пайыз коргоого кудуреттүү экенин тастыкталганын маалымдашкан. Мындан тышкары Бахрейн бийлиги да аны колдонууга уруксат берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: