Menu

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жазык иштеринин жыйынтыктары тууралуу КРнын Жогорку сотуна даректелген суроолор боюнча түшүндүрмө

Бөлүшүү:

КРнын президенттигине талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин жазык иштеринин жыйынтыктары тууралуу КРнын Жогорку сотуна даректелген суроолор боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө беребиз. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда КРнын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Алгач С. Жапаров, К. Ташиев жана Т. Мамытовдун 2012-жылдын 3-октябрында бийликти күчкө салып тартып алуу жөнүндөгү кылмыштары боюнча:

1. КРнын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен К. Ташиев, С. Жапаров жана Т. Мамытовдун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Дж. Джаманбаеванын жазык иш боюнча өндүрүштү кайтадан ачылган жагдайлар боюнча жаңыртуу тууралуу өтүнүчү жана корутундусу канааттандырылып, КРнын Жогорку сотунун 2013-жылдын 6-августундагы токтому жокко чыгарылып, жазык иш кассациялык инстанциядагы сотко кассациялык тартипте кароого коюлган.

КРнын Жогорку сотунун 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен бул жазык иш кассациялык тартипте каралып, Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 17-июнундагы К. Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытов, Б. Исаев, К. Камчыбеков жана С. Кадырбаевге карата актоо өкүмү күчүндө калтырылган.

Кийинки С. Жапаровдун 2013-жылдын 7-октябрындагы КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарымдуу өкүлү Э. Каптагаевди барымтага алуу кылмышы боюнча:

2. КРнын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 6-октябрындагы токтому менен С. Жапаровдун жактоочусу З. Базарбековдун жана прокурор Р. Жакыповдун жазык иш боюнча өндүрүштү кайтадан ачылган жагдайлар боюнча жаңыртуу тууралуу өтүнүчтөрү канааттандырылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы, Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы өкүмдөрү жана КРнын Жогорку сотунун 2018-жылдын 13-июнундагы жана 2019-жылдын 30-апрелиндеги токтомдору жокко чыгарылып, жазык иш сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн КРнын Башкы прокуратурасына жиберилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: