Menu

Назира Айтбекова: “Мен үчүн 2020-жылдын чоң жаңылыгы – атамды таптым. Аны менен тааныштым, кечириштик”

Бөлүшүү:

Белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова атасын таап, аны менен таанышканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында жазып чыкты.

2020 – жыл мен үчүн сонун жыл болду. Акыркы он жылдагы сыноону жеңип чыккандай, же жардын кырынан өткөндөй, же жаңы төрөлгөндөй, же сынагымды ийгиликтүү тапшыргандай, айтор, жеңиштин даамы бар жеңилденген жыл болду. 2020 – жылдын жарымы каткырык, күлкү – шаң , ийгилик менен өттү. 35 жыл издеген үйүмдү, же өзүмдү тапкандай, тынчып, ырахат алып, отурукташып, жыргап калдым. Бул жан дүйнөдөгү абал. Ден-соолук жак эркеледи. Аллергиялык астма кетпей жатат. Анын сырын чече элекмин. Эмнеге келди? Мага эмне айткысы келип атат? Азырынча түшүнбөй жатам. Бирок кабыл алып аны дагы, жакшы мамиле кылганга үйрөнүп алдым.

Апам, балам тынч. Бул жылы мага окшоп алар да тынчыды. Күлкүлөрү көбүрөөк чыкты. Эне катары да бир аз ийгиликтерим болду. Уулумдун үстүнө үйрүлүп түшө бербей, жоопкерчилик карматып, эркиндигин берип, ага толугу менен ишенгенди үйрөндүм. Кадимкидей балам өзгөрдү. Баланы канчалык кое берсең, ал ошончолук өзүнө ишенимдүү болот экен. Сүйгөндү үйрөндүм, баса. Мурун кайырчыдай суранып, суусап, муктаж болуп, тойбой, түбү тешик чакадай, толбой, бөксөрүп сүйчүмүн. А быйыл тешикти бүтөп, толуп – ташып сүйгөндү үйрөндүм. Мамиле курганды, ишенгенди, шартсыз, эрежесиз, эсептешпей, жөн эле сүйгөндү, сүйүүдөн ырахат алганды үйрөндүм.

Жылдын чоң жаңылыгы атамды таптым, тааныштым, небересин тааныштырдым, айылга алып барып, куран окуттук, кечириштик, тамырымды таптым, жети атамды билдим, бекемдедим. Эң чоң жетишкендигим ушул болду болушу керек. Укмуш кыйын кызмын да. Айтсам эле ишенбейсиңер. Тамыр бекемделмейин, терек бийик өспөйт экен да. Ошону түшүндүм. Учур чакта жашадым. Жашоодон ырахат алганды, жыргаганды үйрөндүм. Быйыл балкыдым, айтор. Эркин жашоодо эркин жашай албайт экенбиз да көрсө. Эркиндикке жеттим. Бул да эң чоң жетишкендик. Болуп көрбөгөндөй даамы таттуу экен. 2020- жыл, чоң рахмат сага. Сүйүү жана ыраазычылык менен узатам. 2021 – жыл, кош кел. Мүчөлүү жылымсың. Мага эле эмес, кыргыз элиме бакыт алып кел“, – деп билдирүү жазды Айтбекова. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: