Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 31-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун айрым аймактарында бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -9…-14, күндүз: 0… -5,
Таласта түнкүсүн: -9…-14, күндүз: -4… +1,
Баткенде түнкүсүн: -6… -11, күндүз: -2…+3,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -6…-11, күндүз: -3…+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -6…-11, күндүз: -3…+2,
Нарында түнкүсүн: -19…-24, күндүз: -4…-9,
Бишкекте түнкүсүн -9…-11, күндүз: -2…-4.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ