Menu

Кыргызстанда дагы 191 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, Бишкектен 1 бейтап каза болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 191 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 64, Ош шаарынан – 4, Чүй облусунан – 46, Ош облусунан – 9, Талас облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 27, Жалал-Абад облусунан – 24, Нарын облусунан – 5 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 81 034 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 294 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 75 918ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 77, Ош шаарынан – 32, Чүй облусунан – 76, Ош облусунан – 16, Талас облусунан –7, Ысык-Көл облусунан – 36, Жалал-Абад облусунан – 30, Баткен облусунан – 14, Нарын облусунан – 6.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 1 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1355ке жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: