Menu

Президенттикке талапкер Курсан Асановду “үгүт иштерине милиция кызматкерлерин аралаштырып жатат” деп айыпташууда

Бөлүшүү:

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын ыкчам жооп кайтаруу боюнча координациялык тобуна WhatsApp мессенжери аркылуу “Жалпы иш” коомдук фондунан билдирүү келип түштү.

Алардын айтымында, Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында милиция кызматкерлери президенттикке талапкер Курсан Асановду үгүттөө иштерине тартылууда.

БШК өз кезегинде укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үгүт иштерине катышууга тыюу салынгандыгын эске салат.

Текшерүү үчүн документтер Ички иштер министрлигине жана Араван районунун аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот. Жарышка 17 талапкер катышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: