Аден шаарындагы аэропортто жарылуу болуп, анын кесепетинен 22 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат басылмалары жазып чыгышты.
Алардын айтымында, жаракат алгандар дагы бар. Айрым маалыматтарга караганда, бир нече жардыруу болгон.
Окуя Йемендин жаңы өкмөт мүчөлөрү Сауд Арабиясынан кайтып келе жатып аэропортко конгондон көп өтпөй болгон. Видео кадрларда аэропортто дүрбөлөң кандайча башталгандыгы, аэропорттун имаратынын үстүндө түтүн булуттары көтөрүлүп жатканы көрсөтүлгөн. Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.
Йемендин спорт министринин орун басары Хамза аль-Камалинин айтымында, кол салууну хути козголоңчулары жасаган деп болжолдонууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ