Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев КРнын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет
«Сизди келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык жана боордош Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалаймын», — деп белгиленет Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ