Террористтик акт жасоого даярданып жаткан ЭТУ согушкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 31-декабрында КР УКМК коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында, Кыргызстандын аймагында террордук актынын болушунун алдын алышкан.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси (Терроризм актысы) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндөрүштүн алкагында Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын жараны 1998-ж.т. Ж.С. аныкталып кармалган.
Такталгандай, кармалган адам Эл аралык уюмдун (ЭТУ) мүчөсү болгон жана башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде террордук акт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат жасамак болгон.
Кармалган адамдын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылып алынган.
Кармалган адам КР УКМК Башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана облустук тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ