Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу 31-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Борбор калаадагы “Газпром – балдар үчүн” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин директору болуп Дүйшеев Ишенбек Абасканович дайындалган. Ал эми Шаршеев Дастан Төлөбалдиевич анын орун басары болуп дайындалган.
Дастан Шаршеев буга чейин Балбак Түлөбаевдин жардамчысы болуп иштеп келген.
Эми шаар башчысынын убактылуу жетекчисине Максимилиан Погиба жардамдашат.
Тиешелүү буйруктарга Балбак Түлөбаев кол койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ