Menu

Нургүл Акимова, экономист: “Доллардын туруксуздугу 2023-жылдын аягына чейин уланышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

– Доллар бирде өйдө, бирде ылдый болуп, туруксуздук байкалууда? Себеби эмнеде?

– Биринчиден, доллардын курсунун өзгөрүүсүнө сезондук фактор таасир этет. Компаниялар карыздарын жаап, келишимдерин узартууну пландап жатышат. Өнүккөн өлкөлөрдүн борбордук банктары 2020-жылы акча-кредит саясатын жеңилдетүү багытын карманышкан. Айрымдары электрондук насыя берүү менен да алектенишкен эмеспи. Өнүккөн өлкөлөрдөгү көптөгөн борбордук банктарда эсептик чен нөлгө жакын, демек, бул өлкөлөр арзан акча саясатын жүргүзүп жатышат. Мындай тенденция 2023-жылдын аягына чейин уланышы мүмкүн. Бул акча рыногунда башка салттуу эмес акча-кредит саясатынын өнүгүшүн билдирет.
Бул окуялардын баардыгы доллардын эл аралык базардагы курсуна таасир этет. Азырынча, менин түшүнүгүм боюнча, доллардын сомдун курсунун тенденциясына таасир этүүчү факторлордун баардыгы тышкы жана монетардык эмес мүнөзгө ээ. Улуттук банк мунун баардыгын байкап турат жана валюта рыногунда алып-сатарлык сигналдары келип чыкса, чаралар көрүлөт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: