Menu

Видео – Өмүрбек Суваналиев, генерал: “16 президенттикке талапкер, Садыр Жапаровдон башкасы Раим Матраимов менен Камчы Көлбаевдин атын ачык атоодон коркуп жатышат”

Бөлүшүү:

“Бизде “кылымдын кылмышы” деп атоого татыктуу эки кылмыш бар эле, биринчиси кримтөбөл Азиз Батукаевди коррупциялык жол менен түрмөдөн бошотуп жиберүү, экинчиси Раим Матраимовдун коррупциялык кылмыштары Кыргызстанды дүйнөгө күлкү кылды. Бул кылмыштарды жасагандар жазаланууга тийиш эле. Азиз Батукаев боюнча жалгыз эле Атамбаев эмес, ага катышкан бардык чиновниктер, тергөө менен кызматташканына карабай узак мөөнөттөргө түрмөгө камалышы керек”, – деп билдирди КР Коопсуздук кеңешинин катчысынын экс-орун басары, генерал Өмүрбек Суваналиев “Эмнеге?” телеберүүсүнө катышып жатып.

“Азыр жаңы бийлик Раим Матраимовду кармап, бир эле эпизоду боюнча 2 миллиард сом төлөтүп алды жана “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев – “Коля Киргизди” камакка алды, ал азыр абакта олтурат. Буга чейинки президенттер Алмаз Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков муну жасай алышкан эмес. Ал эми Садыр Жапаров 20 күн эле президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп, муну жасады. Азыр президенттикке талапкер болуп кетти. Эгер президент болуп шайланып келсе ал коррупцияга каршы күрөштү ишке ашырат деп ойлойм. Ал эми калган 16 президенттикке талапкер коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшмөк тургай азыр агитация учурунда, эл алдында Матраимов менен “Коля Киргиз” – Камчы Көлбаевдин атын ачык атоодон коркушат. Анткени алар менен табакташ болуп калышкан. Анан кантип коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүшөт? Ошол эле Абдил Сегизбаев, Каныбек Иманалиевдер да ооз ача алышпайт,” – деди генерал Суваналиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: