Menu

Видео – Адахан Мадумаров бир күндүк кызыкчылык үчүн өзү “жырткычтар, алкаштар” деп атаган Убактылуу өкмөттөгүлөр менен да биригүүгө даярбы?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-январда КР Президенттигине талапкер Адахан Мадумаров 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, белгилүү төңкөрүшчү Кеңешбек Дүйшөбаевдин жетеги астында коллегалары Каныбек Иманалиев, Канат Исаевдер менен Кеминде шайлоочулар менен жолугушууга барыптыр. Эмнегедир бул жолу 3 президенттикке талапкерге агитаторлору, ишенимдүү өкүлдөрү биригип, баары 40тай гана киши келген экен. Кыязы агитаторлору да толук келишкен эместей. Балким уюштуруучулары начар иштеп коюшкандыр, бирок кеп анда эмес…

Өзүн принципиалдуу саясатчы катары көрсөткөн Адахан Мадумаров кечээ эле 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттү “жырткычтар”, “алкаштар”, “төңкөрүшчүлөр”, “переворотчиктер”, “захватчиктер”, “бийликти мыйзамсыз, күч менен басып алуучулар”, “мародёрлор” деп, ал эми алардын лидери Роза Отунбаеваны “самозванка”  деп атап, келишкис оппозицияда жүрсө, бүгүн минтип “захватчиктер” менен бири-бирин “урматтуу” деп атап, кучакташып ээрчишип жүргөнү эмнеси?

Ушул жолугушууда Адахан Мадумаров өздөрүнүн 40тай жактоочусуна “айбалтаны башыңа кармап турса да, чындыкты айт!” деп кеңеш берди. Биз да ал кеңешти карманып, чындыкты айталы.

Адахан Кимсанбаевич, сиз бир күндүк кызыкчылык үчүн “жырткычтар”, “алкаштар”, “мародёрлор”, “захватчиктер” менен да биригип кете бересизби? Сиз 10 жылдан бери аларды “бир күнү катуу жазасын алат” деп бизди ишендирип келбедиңиз беле? Эми Убактылуу өкмөттөгүлөр менен достоштуңузбу?

Сиз бүгүнкү жолугушууда 5-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Жээнбековдук бийлик өз партияларына жан тартып, шайлоону таза өткөргөн жок деп “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларын сөгүп, жаныңызда лидери Канат Исаев турган дагы бир бийликтин партиясы “Кыргызстанды” унчукпай аттап өттүңүз. Эмне, Канат Исаев айбалтасын сиздин башыңызга кезеп кармап турдубу?

“5-октябрдагы шайлоодон өткөн партиялардын ичинен биздин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы жалгыз гана шайлоонун жыйынтыктарына каршы чыкты” деп мактандыңыз. Анда эмнеге шайлоодон өтүп, бирок шайлоонун жыйынтыктарына каршы чыкпаган бийликчил “Кыргызстан” партиясынын лидери менен “шилекей алышып дос болуп” кучакташып жүрөсүз, бир сценада турасыз? Силерде принцип деген барбы?

Же “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесине кирип, бирок кримтөбөл Камчы Көлбаевдин талабы менен анын кишилерине орун бошотулуп, тизмеден чыгарылган Каныбек Иманалиев менен да идеялашсызбы? Сиз акыркы 3 жылда “Сооронбай Жээнбеков мыйзамсыз шайланган, ал эл душманы” деп элди ишендиргенге аракет кылсаңыз, азыркы сиздин саясый соратнигиңиз Каныбек Иманалиев “Ким Сооронбай Жээнбековго каршы чыкса ал эл душманы!” деп күпүлдөп келди. Ошондо силерди бириктирген идеология кайсы идеология болуп жатат?

Биздин саясатчыларда ар-намыс, уят, принцип деген түшүнүктөр качан пайда болот?

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео: ДЕСИН TV

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: