Menu

Видео – Өлкөдөгү N1-кызматты “Кыргызстан” партиясынын N2-адамы Талант Мамытов ээлеп олтурса, лидери Канат Исаев неге ыйлактайт?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-январда президенттикке талапкер Канат Исаев Кеминде шайлоочулардын алдында чыгып сүйлөп жатып “Кыргызстандагы бийликтин баарын “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрү басып алды. Садыр Жапаров бардык маанилүү кызматтарга өзүнүн “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрүн гана дайындап жатат” деп айыптады.

Бирок калыстык үчүн айтып коюш керек, бүгүн Кыргызстандагы эң жогорку кызмат – КР Президентинин милдетин аткаруучу кызматка Канат Исаев жетектеген “Кыргызстан” партиясынын партиялык тизмесиндеги N2-адам Талант Мамытов дайындалып иштеп жатпайбы.

5-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдында тизмедеги N1-Канат Исаев менен N2-Талант Мамытов кол кармашып ээрчишип, сүрөттөргө түшүп, түндүк менен түштүктү мындан ары да ширетебиз деп жүрүшпөдү беле? Эми Канат Исаев өзүнүн оң колу Талант Мамытовду “Мекенчил” партиясына өткөрүп койдубу?

Ал эми өзүнүн партиялашы Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу катары өз алдынча көз карандысыз саясат жүргүзө алабы же жокпу ал адамдын өзүнүн сапатына байланыштуу болот. Ага бирөө күнөөлүү эмес.

Баса, Канат Исаев деле өз башына конуп турган ооматтан – КР Президентниин милдетин аткаруучу  кызматтан активист Бакай Кашкарбаев бир бакырып койсо эле коркуп кетип таштай качпады беле? Эми “жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап” деген кеп бар эмеспи.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 95 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: