Menu

Видео – Зайнидин Курманов, профессор: “9-10-октябрда Садыр Жапаровдор келбесе анда бийликти Атамбаев баштаган шумпайлардын принципсиз тобу басып алышмак”

Бөлүшүү:

“Болор иш болду, эми жакшылап ой жүгүртүп, талдап көргүлө, эгер 9-октябрда Садыр Жапаровчулар келбегенде башкалар келип бийликти басып алышмак. 9-10-октябрда “Ала-Тоо” аянтында эмне окуя болгонун эстегилечи, Атамбаев баштаган принципсиз топ  ал жерге эмне максатта келишти эле?” – деп суроо салды профессор Зайнидин Курманов журналист Нарын Айыптын суроолоруна жооп берип жатып.

“Алар Атамбаевдин айланасына биригишип, принциби жок саясатчылардын блогун түзүшкөн – бул большевиктер, католиктер, протестанттар, гитлерчилер бир коалицияга биригип, чоогу бир максатта аянтка келишкендей кеп. Ал блоктун башында Атамбаев туруп, бийликти басып алууга жана бөлүп алууга келишкен. Бирок алардын тилеги таш капты, максаттары ишке ашпай калды. Ошондо мен аябай таң калдым, бир трибунага шумпайлар менен алардан азап көргөндөр биригип чыгып алышыптыр. Анан аларды как чокуга коюп, чилдей кууп таратышканда мен “эң туура кылышты!” деп айттым. Анткени мен ошол революционер сөрөйлөргө айтып коюшум керек: революция учурунда өз ара тил табышып, бийликти устукандоону сүйлөшүп алышкандар эмес,  эң тайманбас, эң чечкиндүү адам гана жеңишке жетет. Болор иш болду, боёсу канды, 5-октябрдагы шайлоодо утулган партиялар кыргыз макалы бар го “жыгылган күрөшкө тойбойт” деген, ошондой болушуп аянтка чыгышты, азыр да ошол жыгылгандар абалды өз кызыкчылыгына буруп кетүүгө аракет жасап жатышканын көрүп жатабыз, эшиктен кууса, тешиктен киришип жатышат…”, – деди профессор Курманов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Видео: 5 канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: