Menu

Токаев өлүм жазасына тыюу салуу тууралуу мыйзамга кол койду

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тынч маалда өлүм жазасын колдонууга тыюу салган эл аралык келишимге кол койду. Бул тууралуу маалымат казак президентинин сайтына жарыяланды.

Өлкө бул жазаны жокко чыгарган жарандык жана саясий укук жөнүндө Эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кошулду. Документте протоколдун катышуучулары өлүм жазасынан баш тартуу — адам укуктарын сактайт жана адамдык ариетти бекемдейт деп эсептей турганы жазылган.

Эми Казакстан Кылмыш кодексинин 17 беренесинен бул жаза тууралуу эскертүүнү алып салышы керек. Азыркы иштеп жаткан мыйзам долбоорунда өлкөдө өлүм жазасы терроризм, аскердик убактагы оор кылмыштарга, президенттин жана Казакстандын мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө кол салгандарга колдонулары жазылган.

Казакстанда 2004-жылдын январында өлүм жазасына киргизилген мораторий күчүндө болуп келген. Өлкөдө эгемендик алгандан бери 536 киши өлүм жазасына тартылган. Акыркы жолу мындай жаза 2016-жылы Алматыда ондогон адамды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Руслан Кулекбаев аттуу жаранга карата колдонулган.

Постсоветтик аймакта беларус бийлиги гана өлүм жазасын колдонуп келет. 1990-жылдан бери Минскиде 400 киши өлүм жазасына тартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: