Menu

Ош шаарында өрттөн жабыркаган тургунга 50 000 сом тапшырылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-январь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Манас-Ата»  муниципалдык аймактык башкармалыгынын У. Салиева көчөсүндө тилсиз жоодон турак-жайы жараксыз абалга кептелген жарандын үйүнө жергиликтүү имамдар менен биргеликте зыярат кылып, казыят тарабынан 50 000 сом тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Убайдулла ажы Сарыбаев жана жергиликтүү имамдар жалгыз бой аялдын үйүн оңдоп берүүгө жардам көрсөтүп жаткан усталарга ыраазылыгын билдирип, аларга колдон келишинче жардам берээрин айткан.

“Сиздер өрттөн жабыркаган кошунаңыздар үчүн жардам колун сунуу менен мусулмандык жана кошуналык милдеттериңиздерди аткарып, сооп иш жасап жатасыздар. Чындыгында мусулман мусулмандын бир тууганы”- деген Убайдулла ажы Сарыбаев.

“Манас-Ата” МАБ жана “Туран” МАБдарындагы турак жайы өрттөнгөн эки үй-бүлөгө жардам берүү үчүн Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жума окулуучу мечиттер тарабынан 1-январь күнү акча чогултулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: