Бүгүн, 4-январда саат 16:00 чамасында Аксы районунун Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын жергиликтүү 200 (эки жүздөн) ашык тургундары, Аксы – Ала-Бука автожолун тосушкан. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Алар өткөн 2020-жылдын 7-октябрь күнү Кербен шаарынын “Алтын казык” кинотеатрынын алдында болгон баш-аламандык боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ак-Дөбө айылынын эки тургуну кармалгандыгы жана тергөөнү акыйкат жүргүзүү боюнча нааразычылыктарын билдиришип жолду тосуп алышкан.
Бул жол тосуу боюнча топтолгон матераилдар, 2021-жылдын 4-январь күнү Аксы РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 265-беренесинин (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Окуя боюнча Аксы РИИБдин өздүк курамы толук бойдон жол тосуп турган жерде коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Азыркы учурда Аксы – Ала-Бука жолу ачылды. Каттамдар өз нугунда жүрүп жатат. Жол боюна тигилген боз үйлөр алынууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ