Menu

Иран уранды 20 пайызга байытуу ишин жандандырганын билдирди

Бөлүшүү:

Иран өкмөтү уранды 20 пайызга байытуу ишин жандандырганын билдирди. Өкмөттүн басма сөз катчысы Али Рабиейи 4-январда билдиргенине караганда, президент Хасан Роухани “Форду” ишканасында өзөктү байытуу ишин баштоого буйрук берди.

Муну менен Тегеран 2015-жылы түзүлгөн эл аралык келишимди дагы бир жолу бузду. 2018-жылы Вашингтон ал макулдашуудан чыгып, санкцияларды калыбына келтиргенден бери Иран Ислам жумурияты милдеттенмелеринен бара-бара баш тарып келатат. Документке ылайык, Иран атомдук программасын, анын ичинде уран байытуу жүрүмүн чектемек, бул үчүн БУУнун өлкөгө карата санкциялары кыйла жеңилдетилмек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: