Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев кант диабетине чалдыгып ооруканада жатат. Бул тууралуу кечээ, 4-январда ал өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
“Достор баары жакшы, сахар күчөп, бүгүн көтөрүлүп кетти, ден соолукка акыркы күндөрү катуу күч келип кетти (нерв). Сахарды бир да окумуштуу айыктара албай койду. Эч жериң оорубайт, бирок бүт органдарды жейт экен. Буюрса бир жума ден соолукту карап, анан ишке киришелик (кечирим сурайм). Догдурга баш ийбесе болбойт, жаткырышты”,- деп жазган Жапыкеев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ