Menu

Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайлардын биринен автоунааны айдап качкан жаран Нарын шаарынан кармалган

Бөлүшүү:

Аламүдүн районунан унаа ууроого шектүү Нарын облусунан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-декабрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө К.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайлардын биринен анын автоунаасын белгисиз бирөө белгисиз тарапка айдап кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаа Нарын шаарынан табылып, аны айдап барган 22 жаштагы К.Р. аттуу бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалымтар боюнча, шектүү бала Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайлардын бирине жакында эле жумушка орношуп, окуя болгон күнү кардарлардын биринин унаасын Нарын облусуна айдап кетип калганы маалым болгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: