Документте Садыр Жапаровдун иш-аракетинде кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши жабылгандыгы айтылат.



Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо “Кумтөр” компаниясына каршы митинг уюштуруп, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев баш болгон бир нече адамды барымтага алган деп айыпталган. Мындан улам Садыр Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, сот аны 11,5 жылга эркинен ажыраткан.
Ал 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү, Бишкектеги башаламандыктан кийин абактан бошотулган. Ошол эле күнү Жогорку сот Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кароону өтүнүчүн карап, канааттандырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ