“Президенттикке талапкерлер аймактарды кыдырып, үгүт иштерин жакшы жүргүзөй жатышат. Алар бири-бири менен сүйлөшүп, эмки парламенттик шайлоого даярданып жатышат окшойт. Анткени, ошондой мүнөз калтырып жатышат. Анткени, үгүт иштери мурдагыдай катуу эмес. Рекламалар жок. Бир гана социалдык тармактарда гана иштеп жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 5-январда генерал Өмүрбек Суваналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде.
“Учурдагы президенттикке талапкерлердин көбү тажрыйбалуу, мурда да талапкер болушкан, саясаттын чордонунда жүргөн кишилер. Алар шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун билишет. Ошон үчүн алар акча каражаттарын көп коротпой жатышат. Ал эми жаш талапкерлер “атыбыз чыксын” деп жатышат жана парламенттик шайлоого даярданып жатышат. Талапкерлердин арасында шайлоодон утулуп калгандан кийин жоопкерчиликтен коркушуп, сыртка качып кетебиз дегендер да бар. Өмүрбек Текебаев 2010-жылы чын эле парламенттик системаны кургусу келсе, конституциядан президенттик бийликти алып салат эле же президентти Армениядагыдай парламент шайлай турган кылып жазат эле”, – деди генерал Суваналиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ