Кынтык издеп таппай калып башкасын,
Тырманышат котур болгон кашкасын.
“Мадумаров жер сатты” деп боздобой,
Таш атышкан чек арасын тактасын…
Мындай жалаа Шабданга да жабылган,
“Кырк байтал” деп ушак боосу тагылган.
Чындыгында тарых баарын тастыктап,
Шабдан эмес “от жаккычтар” жаңылган…
Шабдан баатыр, Адахандай агабыз,
Бир да жерди коңшуларга сатпаган.
Эгиз элдин ынтымагын бек кармап,
Кыргыз чегин карегиндей сактаган.
Короосуна бир жашылча айдабай,
Баатыр болуп бакырганы күйдүрөт.
Бостериден ары ашпаган эргулдар,
“Каркыранын сатты” дешип күлдүрөт.
Аялынан алы жетпей корккондор,
Ааламтордо арстан болуп жүрүшөт.
Кыйкырчы деп Каркырага жөнөтсөң,
Куйрук кыпчып кирпилердей бүрүшөт.
Асылгандар өчүп бүгүн турмуштан,
“Баатыр” дешип элим турат эскерип,
Жалаакордун көрү чөгүп жатканда,
“Шабдан” деген турат бийик эстелик.
Азыркынын “баатыры” деп карасам,
Бардыгынан татыктуу экен бааласам.
Кудай колдоп алтын таажы кийсе экен,
Биздин тандоо- МАДУМАРОВ АДАХАН!!!
Асейин Саралаев, Кочкордун кулуну
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ