Menu

Молдованын 48 жаштагы президенти Майя Санду эмне себептен турмушка чыга элек?

Бөлүшүү:

2020-жылдын ноябрь айындагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетишкен Майя Сандунун саясий умтулуулары эч кимге жашыруун эмес, ал эми анын жеке жашоосу Молдованын жарандары үчүн дагы деле чоң сыр бойдон калууда.

Учурда 48 жаштагы Майя Сандунун башы бош жана ал эч качан үй-бүлө курган эмес.

Көптөгөн маектеринде Санду бир нече жолу ашык болгонун, бирок кыялындагы адам жолуга электигин айткан. Ошондой эле, ал ар бир эле эркек карьерага умтулган айымдын жанында болуусун каалабай турганын айтат.

Майя Сандунун ата-энеси көп балалуу үй-бүлөдө өскөн. Сандунун жалпысынан 45ке жакын эки тууган байке-эжелери бар.

Анын жашоосундагы эң маанилүү адам – анын атасы болсо керек. Ал “акыйкаттыкты атамдан үйрөндүм” деп бир нече жолу айткан.

“Менин атам бир нече айылды тейлеген ветеринар болгон. Ал абдан эмгекчил болгон. Мен ойгоно электе жумушка кетип, кечинде мен уктап жатканда кайтып келчү”, – деп билдирген Санду ММКларга берген маегинин биринде.

Майя Сандунун үй-бүлөсү Румыния менен чектешкен Рисипень айылында жашайт. Кошуналары Майяны тырышчаак, токтоо, окуганды жакшы көргөн жана бейбаштыкты жактырбаган кыз катары эскеришет. Мектепте мугалим болуп иштеген апасын кызы уят кылбай сабактарын жакшы окучу.

Майянын өзүнүн айтымында, анын кесибин ата-энеси тандаган. Алар кызы экономист болуш керек деп чечишкен. Ал Кишиневго экономикалык билим берүү академиясына тапшыруу үчүн атасы менен чогуу барган. Тандалган факультетке окууга өтүү ал үчүн оор болгон жок. Окууну аяктагандан кийин, ийгиликтүү студент болгондуктан, Экономика министрлигине иштөөгө жиберилген. Ошол жерде ал биринчи жолу мүнөзүн көрсөттү: кызматкерлерге начар иштегендиги үчүн сөгүш жарыяланганда, ал өзүн-өзү жемелей турган эч нерсеси жок экенин, ал жакшы иштеп жаткандыгын айткан. Балким, ошондой болгон, болбосо Бүткүл дүйнөлүк банктын Молдова кеңсесинде калмак эмес.

Андан кийин Гарвард университетинин магистратурасын аяктап, Дүйнөлүк банкта эмгектенген. Саясатка 2010-жылдан тартып аралашып, алгач өлкөнүн билим берүү министри болгон. Андан соң оппозицияга кетип, “Аракет жана тилектештик” деген европачыл партияны негиздеген.

Кээде Сандуну украиналык саясатчы Юлия Тимошенко менен салыштырышат. Ырас, экөө тең саясий ишмердүүлүктү жактырышканынан тышкары, алардын ортосунда жалпылык аз. Санда “темир айым” деп аталганы менен, ал Юлия Тимошенконун катуулугуна жетүүгө али эрте. Мындан тышкары, Тимошенко ар дайым саясий кыраакылыкты аялдык сүйкүмдүүлүк жана тапкычтык менен айкалыштыра алган.

Бул жагынан алганда, Санду европалык аял саясатчыларга көбүрөөк окшош. Ал сырткы келбетине жана кийимине анча маани бербейт.  Салтанаттуу иш-чараларда ал боз түстөгү костюму кызгылт түстөгү костюмга алмашат. Ошондой эле ал моюнга тагыла турган шарфтарды жакшы көрөт.

Жакында Майя Санду бала асырап алуу кыялы бар экенин айткан. Анын айтымында, ал буга чейин бала асырап алууга аракет кылган, бирок ал бир топ кыйынчылыктарга туш болгон. Эми ал президент болгондон кийин аны толугу менен кийинкиге калтырууга туура келет.

“Мен мисал катары балдары жок башка өлкөлөрдүн лидерлерин келтирдим. Ангела Меркелдин балдары жок, бирок бул жылдар аралыгында ал өзүнүн үй-бүлөсү бүтүндөй Германия экендигин далилдеп, Германиядагы балдарга жана адамдарга кам көрөт”, – деп түшүндүрдү ал. Кыязы, Санду “бүткүл Молдованын энеси” болууга даярданып жатат окшойт.

Булак: “Мk.ru”

Кыргызчалаган: “KyrgyzToday”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: