Menu

УКМК: КРнын президентин шайлоо жана референдум учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иштери жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Учурда өлкөдөгү шайлоо жана референдум алдындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп турган, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн координациялоо жана алардын башка мамлекеттик түзүмдөрү менен өз ара аракет кылуусу боюнча ыкчам штаб иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат өтөө вариантына өткөзүлгөн. 2021-жылдын 10-январындагы шайлоо учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттери иштелип чыккан.

“Эң башкысы шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган, диний-экстремистик жана криминалдык топтордун, деструктивдүү түзүлүштөрдүн чагымчыл акцияларын даярдоо белгилерин өз убагында табуу жана алдын-алуу боюнча иш чараларга басым жасалууда.

Мамлекеттин стратегиялык маанилүү объектилеринде терроризмге каршы коргоону чаралары күчөтүлгөн. Укук коргоо органдары жана чек ара кызматы менен биргеликте террористик жана диний-экстремистик уюмдардын мүчөлөрүн табуу максатында жарандардын кирүү-чыгуу каналдарында чыпкалоо иштери, ошондой эле чек аранын жанындагы аймактарда жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо иштери жүргүзүлүүдө..

Ошондой эле, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий стабилдүүлүгүн сактоо жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жигердүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жана референдум учурунда коомдук-саясий кырдаалды чыңалтууга жана дестабилдештирүүгө алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырат.

Эскерте кетсек, чагымчыл материалдарды тараткандар, КР мыйзамдарынын чегинде жоопко тартуу каралган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: