Menu

Видео – Садыр Жапаров: “Теледебатка барып 3 саат акыйнек айтышып, ушактарды териштирип отургандан көрө, эл кыдырганым пайда”

Бөлүшүү:

“Теледебат деген теледебат эмес эле “ушакдебат” болуп кетти. Эгерде теледебаттарда талапкерлердин ар бири программаларын көрсөтүп, анын ишке ашыруунун жолдорун айтып, ушул багытта жарыш болсо, анда ал жакка барсак болот эле. Анан ал жакка барып алып 3 саат акыйнек айтышып, ушактарды, жалган жалааларды териштирип отургандан көрө, ар бир районду, айылды кыдырып, элге жакын жүргөн пайда”, – деп билдирди бүгүн, 6-январда президенттикке талапкер Кара-Суу шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып.

“Талапкерлер программалары менен тааныштырып, элге таратып койгон да жок. Акчасы жок болсо, телевидение, интернет аркылуу деле таратып, окутуп койсо болот го. Программасын элге жеткире албаган, сындан башка, тилинен башка эч нерсеси жоктор менен барып ушак айтышып отурганга мени мажбурлабай эле койсоңор деп суранат элем”, – деди ал.

“Талапкерлердин арасында жер саткандар, эл саткандар, алтын уурдагандар жүрөт. Эптеп эле “президенттикке талапкер деген күбөлүк алып алсам, камалбай турам” деген шылтоо менен шайлоого катышкандар бар. Кечээ бош убакыт болуп калып, дебаттарын, мен жөнүндө айтып жатышканын көрдүм. Булардын бир эле программасы бар экен. Ал – Жапаровду жамандоо”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: