Menu

Бүткүл дүйнөлүк банк: “2021-жылы ИДПнын өсүшү боюнча Өзбекстан менен Украина Россияны артка калтырат”

Бөлүшүү:
Дүйнөлүк банк 2021-2022-жылдарга карата жаңы экономикалык божомолун жарыялады. Анын божомолу боюнча, Чыгыш Европанын, мурунку СССРдин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы 2021-жылы болгону 3,3% га өсөт жана COVID-19дун жаңы очоктору ишкердүүлүктү үзгүлтүккө учураткандыктан, пандемиядан кийин экономика кыйынчылык менен калыбына келет.
Дүйнөлүк банктын эксперттеринин айтымында, Россияда 2021-жылы экономикалык өсүштүн тездеши бир аз гана (2,6%) күтүлөт. Ошол эле учурда, Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин декабрь айында Росстаттын маалыматына шилтеме жасап, Россиянын экономикасы COVID-19 кесепеттеринен кийин калыбына келүү процесси божомолдорго салыштырмалуу ылдамыраак жүрүп жатат деп жарыялаган жана келерки жылы өкмөт Россиянын ИДПсы 3% ашат деп күтүүдө. Дүйнөлүк банк бул божомолдорду өтө эле оптимисттик деп эсептейт жана Россия ИДПнын 3% өсүшүнө 2022-жылы гана кайтат деп күтүүдө.
Дүйнөлүк банктын божолуна ылайык, Түркияда 2021-жылы ИДП 4,5% га, 2022-жылы дагы 5% га өсөт. Андагы экономикасынын өсүшү Азербайжан экономикасынын өсүшүнө да түрткү берет: 2022-жылы өлкө ИДПнын өсүшүн 4,5%га жеткириши мүмкүн. Туура, 2021-жылы Дүйнөлүк банктын болжолунда, Азербайжандын экономикасын калыбына келтирүү темпи мурдагыдай эле төмөн (1,9%) бойдон калат.
Мурунку СССР өлкөлөрүнүн арасында калыбына келүүнүн салыштырмалуу тез өсүшү төмөндөгү мамлекеттерде күтүлөт:
Өзбекстан (2021-жылы 4,3% жана 2022-жылы 4,5%),
Кыргызстан (2021-жылы 3,8% жана 2022-жылы 4,5%),
Грузия (2021-жылы 4,0% жана 2022-жылы 6,0%),
Тажикстан (2021-жылы 3,5% жана 2022-жылы 5,5%).
Аталган өлкөлөрдүн баарында, ошондой эле Украинанын (2021-жылы 3,0% жана 2022-жылы 3,1%) жана Молдоваданын (2021-жылы 3,8% жана 2022-жылы 3,7%) жакынкы эки жылда ИДПнын өсүү темпи Россиянын деңгээлинен ашып түшөт.
Ошондой эле, дүйнөлүк банк Арменияда ИДП 2021-жылы 3,1% га, 2022-жылы 4,5% га өсөт деп күтүүдө. Бул дагы Россиянын өсүү темпи боюнча божомолдордон жогору.
Ал эми Казакстанда экономиканын өсүү темпи Россиянын көрсөткүчтөрүнөн төмөн болот: 2021-жылы 2,5% жана 2022-жылы 3,5%га гана өсөт. Буга чейин дүйнөлүк банктын эксперттери коронавирус эпидемиясынын узактыгынан улам өлкөдө жакырчылык жана теңсиздик өсүшү мүмкүн деп божомолдошкон.
Дүйнөлүк банк 2021-жылы Беларуссияда ИДП өсүүнүн ордуна 2,7%га төмөндөйт деп божомолдойт. 2022-жылы экономика эң жакшы дегенде 0,9% га өсөт, бул коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Россияга караганда бир кыйла аз.
Изилдөөнүн авторлору, эгер башка аймактарында ИДПнын төмөн өсүшүнүн себеби “пандемиядан улам келип чыккан кыйынчылыктар, ошондой эле ички суроо-талаптын солгундашы” болсо, анда Беларуссиянын экономикасына биринчи кезекте болуп жаткан саясий тирешүү таасир эткенин белгилешет. 2020-жылдын августунан бери, президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңишке жетишкендиги тууралуу жыйынтыкты калктын басымдуу бөлүгү тааныбагандыгына байланыштуу нааразычылык акциялары жана иш таштоолор уланып жатат.
Дүйнөлүк банктын күтүүлөрүнө ылайык, Борбордук Азияда экономикалык өсүштү 3% га чейин калыбына келтирүүгө товарлардын баасынын жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүнүн бир аз көтөрүлүшү, ошондой эле Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесине субрегиондун катышуусу жардам берет.
Булак: “Настоящее время”
Кыргызчалаган: “KyrgyzToday”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: