Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек шаарындагы ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 233-беренесинде (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ